Айыл жөнүндө

Аманбаев айыл өкмөтү  чыгыш тарабы Чолпонбай айыл өкмөтү тундүк тарабы Казакстан менен түштүк-батыш тарабынан Шекер айыл өкмөтү менен чектешкен. 

Аманбаев айыл аймагы деңиз деңгээлинен 1050 метр бийиктикте жайгашкан. Жалпы аянты 293,6 км. кв.  Аманбаев айыл өкмөтүндө климаты кышкысын сууктун эң төмөнкү температурасы -35 , өрөөндө болсо -30с чейин жетет.ал эми жайкысын ысыктын эң жогорку температурасы 31 чейин чыгышы мүмкүн. 

-туруктуу калктын саны 2025-жылдын башында 17493 адам. Анын ичинен эркектер 8802 аялдар 8691 эмгекке жарамдуу курактан кичүү (0-15 жаш 5641 адам. Эмгекке жарамдуу курактагылар (эркектер 16-62 жаш, аялдар 16-57 жаш) адам.