Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Аярлуу үй-бүлөлөрүнүн балдарына арналган атайын жаңы жылдык балаты
Аярлуу үй-бүлөлөрүнүн балдарына арналган атайын жаңы жылдык балаты

90

Аманбаев айыл өкмөтүнө караштуу 7 айылдын аярлуу үй-бүлөлөрүнүн балдарына арналган атайын жаңы жылдык балаты кечеси уюштурулду. 

Аталган жаңы жылдык иш-чара Ак-Жар айылындагы А.Калыбаев атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Атайын Талас шаарынан театр чакырылып, 180 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды. Аманбаев айыл өкмөт башчысы Умарбеков Бакыт Анарбаевич төрага Нуралиев Улан Мырзахматович жана жергиликтүү кеңештин депутаттары катышып, балдарды майрамдык кечеси менен куттуктап, балдарга ден-соолук, кен келечек, окууларына жетишкендиктерди каалап кетишти.

2025-жыл баарыбызга бакыт, ийгилик, көптөгөн жакшылыктарды алып келген жылдардан болсун.

Элибизде өнүгүү, жергебизде тынчтык болсун.