Жаңылыктар
02.06.2025, 10:33
67
Балдардын эл аралык коргоо күнүнө карата Аманбаев айыл өкмөтү тарабынан каражат каралып, аймагыбыздын 18- жашка чейинки аярлуу балдарына таттуулар таркатылып берилди.
майрамдык иш-чара ар бир айыл жергесинде өткөрүлүп, балдарга оюн-зооктор, чыгармачылык конкурстар уюштурулуп, балдарга таттуулар, бал-буздактары таркатылды. Аталган иш-чара балдар-бакчасында да өткөрүлүп, концерттик программа көрсөтүлдү. Балдар-Бакчасынын бүтүрүүчүлөрү узатып, жагымдуу салтанаттар өткөрүлдү. Билим берүү мекемелерине айыл өкмөтү тарабынан балдарды коргоо күнүнө карата иш-чараларды уюштуруп өткөрүүгө акчалай сыйлыктар бөлүнүп берилген. Иш-чаранын максаты балдардын укугун коргоого, аларга көнүл бурууга жана коомчулуктун көнүл буруусун арттырып, кайдыгер мамилени азайтууга багытталган.








