Жаңылыктар
13.03.2026, 13:38
39
Аманбаев айыл өкмөтүндө 15-март аталар күнү белгиленди.
Айыл аймагыбыздын жети айылынан чоң аталар, ардактуу ак-сакал аталарыбыз катышып, майрамдык концерт уюштурулуп Чалданбаев жана Ч.Айтматов орто мектеп окуучлуарынын даярдаган концерттик программасын көрүштү. Ыр, бий, аруу каалоо тилектер айтылып, аталарыбызга жагымдуу маанай тартууланды.
Өкмөт башчыбыз Жекшеналы уулу Чубак, Кеңештин катчысы Момбеков Алмаз Канаевич, Аманбаев айылдык кеңешинин төрайымы Байышева Суюмкан Кожомуратовна, аялдар кеңешинин төрайымы Бурул Кашкатаева эжелерибиз катышып, аталарга асыл ой, жакшы каалоо тилектерин айтып өтүштү.
Сиздерди аймагыбызда алгач ирет белгиленип жаткан Аталардын күнү менен куттуктайбыз.
Элибизде атаны аска тоого теңеп, даңктап-даңазалап келишкен. Тарбия башаты болгон эне кут төгүлгөн үй болсо, атаны ошол үйдүн түркүгү, тирөөчү, калканычы жана коргоочусу экенин таасын белгилешкен. Мына ошол сый-урмат бара-бара адат-салтка, нарк-насилге айланып, элибизде атанын орду бийик белгиленип келет. Ата Мекен, Ата Журт, Ата Конуш, журт атасы деген ыйык жана бийик сөздөр, “Атанын назарын сындырба”, “Атага наалат айттырба”, “Ата сыйлаган абийир табат”, “Атанын сөзү ок...” деген накыл кептер бекеринен айтылып калбаганы анык.
Ата аска-зоодой тирек, үй-бүлөнүн коргоочусу. Атанын ар бир айткан сөзүн таберик кылып көңүлүнө түйүп жүрүүбүз элибиздин асыл заада көөнөргүс байлыгы. Жан дүйнөнүн азыгы. Зээндүү уул-кыздарыбыз “Атанын сөзү – акылдын көзү”, “Атанын батасы – алыскы сапардын жарыгы!" деп, аталар насаатын, алардын терең сырларын аңдап-түшүнүп келет.
“Ата” деген сөздү угуунун өзү эле эмне деген сыймык. Мына ушул улуу сөзгө татыктуу болуп жашоо – ар бир атанын көздөгөн мүдөөсү. “Уул-кыздарым ата тарбиясы менен эне мээримин алган адам болуп чыкса экен” деген аруу тилек, асыл максат менен жашап, эл алдындагы аталык парзын аткарууга жан үрөйт. Аталар үй-бүлөсүнө кам көрүп, балдарын ыймандуу кылып тарбиялоого, татыктуу билим берүүгө жана мекенчил атуул кылып чыгарууга бүткүл күчүн жумшайт.
Ар бир үйдүн аскар тоосу кулабасын, боорундагы булагы соолубасын, жанып турган шам чырагы өчпөсүн!
Аталарды ардактап сыйлап, кадырман карылыкка жетишине кам көрөлү!
Аталардын кадыр-баркы бийик болсун!
Үй-бүлөнүн жүрөгү, Мекендин тиреги болуп, аталар кылым жашасын.














