Жаңылыктар
07.08.2025, 10:00
50
2025-2026-окуу жылына даярдыктар. Аманбаев айыл аймагынын "Жалпы билим берүүчү мектептердин 2025-2026-окуу жылына карата көргөн даярдыктары. Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Салтанат Абакировна, Айтматов район аралык оруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы Элина Качибекова ошондой эле МЧС, РЭСтин кызматкерлери менен биргеликте комиссия курамы текшерүү иштерин жүргүздү.
Айыл аймакта жалпысынан жети айылда жети орто мектеп, сегиз балдар бакчасы бар. Айыл өкмөтү тарабынан баардык кемчиликтерди жоюуга каражаттар бөлунүп берилген.
Учурда билим берүүчү мекемелери толук ремонт иштерин аяктап 2025-2026-окуу жылына карата даяр болуп турат. Айрым кемчиликтерди жоюуунун үстүндө иштер жүргүзүлүүдө.






























