Жаңылыктар
3-декабрь бүткүл дүйнөлүк мункүнчүлүгү чектелген жарандардын күнү
03.12.2025, 15:17
26
Бүгүн 3-декабрь бүткүл дүйнөлүк мүнкунчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата Аманбаев айыл аймагынын Аманбаев, Сатыкей, Маймак, Ак-Жар, Ак-Башат, Кара,Сай, жана Суулу-Маймак айылдарынын аярлуу жарандарына азык-түлүк белектери даярдалып, берилди. Айыл аймакта жалпы 410 адам болсо анын 92си 18 жашка чейинки балдар. Жергиликтүү кеңеш тарабынан жылда даталуу күндөргө арналып акча каражаты каралып турат. Каралган каражатты өз учурунда уюштуруп, иш алып барган Аманбаев айыл өкмөтунүн социалдык коргоо бөлүмунүн кызматкерлери айыл айылдарды кыдырып белектерин тапшырып келишти.















