Жаңылыктар

9-май
9-май
Датасы
Кароолор

18

9-Май – Улуу Жеңиш күнүнө карата

Аманбаев айыл өкмөтүнүн 7 айылында Ак-Жар, Маймак, Суулу-Маймак, Аманбаев, Ак-Башат, Кара-Сай, Сатыкей айылдарында 9-май жеңиш кунүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

9-Май – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү катары жыл сайын белгиленип келет. Бул күн – мекен үчүн жанын аябай күрөшкөн аталарыбыздын жана энелерибиздин эрдигин эскерген улуу тарыхый дата экендиги талашсыз.

1941–1945-жылдардагы согушта совет эли фашизмге каршы күрөшүп, оор жоготууларга карабастан жеңишке жетишкен. Кыргызстандын ар бир айыл аймагынан миңдеген жоокерлер согушка аттанып, алардын көбү баатырдык менен курман болушкан. Ардагерлердин эрдиги жана тылдагы элдин эмгеги бүгүнкү тынч жашоонун негизи болуп саналат.

Жеңиш күнү  ардагерлерди эскерүү, гүлчамбар коюу, эскерүү иш-чараларын өткөрүү менен белгиленди. Бул күн жаш муундарды мекенчилдикке, тынчтыкты баалоого жана тарыхты урматтоого тарбиялайт.

Улуу Жеңиш күнү – элдин биримдигин, кайратын жана эркиндигин даңазалаган ыйык майрам. Ардагерлерибизге терең таазим кылып, алардын эрдиги ар дайым элдин эсинде сакталат.