Жаңылыктар
28.10.2025, 16:39
44
Аманбаев айыл өкмөтүн 2025-жылдын “27” октябрь № 288 буйругуна тиркеме
Аксакалдар сотторунун кеңеши жөнүндө Жобо
1-бөлүм. жалпы жоболор
- Бул жобо Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотторунун кеңешин (мындан ары-Кеңеш) түзүүнүн жана алардын ишин уюштуруунун тартибин аныктайт.
- Кеңеш аксакалдар сотторунун ишин координациялоо үчүн түзүлгөн консультативдик-координациялык орган болуп саналат жана коомдук башталышта иштейт.
- Кеңеш өз ишине Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-бөлүм. Кенештин ишинин принциптери
- Кенеш төмөнкү принциптердин негизинде иштейт:
-мыйзамды сактоо;
-Кыргыз Республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген моралдын, адеп-ахлактын, үрп-адаттардын жана каада-салттардын ченемдерин сактоо;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы келбеген өлчөмдө ачыктык жана айкындуулук;
-Кенештин мүчөлөрүнүн анын курамындагы иши үчүн тең укуктуулугунун жана жоопкерчилинин;
-кызыкчылыктардын кагылуушусун болтурбоо.
3-бөлүм. Кенештин максаттары, милдеттери жана функциялары
- Кенештин негизги максаты аксакалдар сотторунун институтун өнүктүрүүгө жана алардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган аксакалдар сотторунун ишин координациялоо болуп саналат.
- Кенештин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
-аксакалдар сотторунун ишин координациялоону камсыз кылуу;
-аксакалдар сотторунун мамлекеттик органдар, жергиликтүү соттор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
-аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте) алардын укуктук маданиятын өнүктүрүү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын калкынын мыйзамдарга карама-каршы келбеген моралдык, адеп ахлактык ченемдерин, үрп-адаттарын жана каада салттарын сактоо боюнча, тараптарды жараштырууда окутууну уюштуруу жана аксакалдар сотторунун ишин өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
-аксакалдар сотторуна жана алардын мүчөлөрүнө моралдык жана материалдык дем берүү боюнча сунуштарды жана механизимдерди иштеп чыгуу.
7.Максаттарга жетүү жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кеңеш төмөнкү функцияларды аткарат:
-коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда мамлекеттик органдар, жергиликтүү соттор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү;
-аксакалдар сотторунун сиситемасын өнүктүрүүгө жана алардын кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле Кеңештин компетенциясына кирген маанилүү маселелрди чечүүгө багытталган тиешелүү компетенттүү органдарга сунуштарды иштеп чыгуу;
-аксакалдар соттору менен Кеңештин ортосунда маалымат алмашуу механизимдерин иштеп чыгуу;
-аксакалдар сотторунун ишине мониторинг жүргүзүү, анын ичинде иштин статистикасын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуунун жыйынтыктары боюнча мониторинг жүргүү;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жергиликтүү соттордун жана башка кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен аксакалдар сотторунун мүчөлөрү үчүн окутуучу иш-чараларды уюштуруу;
-аксакалдар сотторунун ишине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна карата сунуштарды жана сын пикирлерди даярдоо;
-Кенештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо.
4-бөлүм. Кеңештин укууктары жана милдеттери
8.Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу :
-аксакалдар сотторунун системасын өнүктүрүүгө жана ушул Жобо менен Кеңештин компетенциясына кирген маанилүү маселелрди чечүүгө багытталган сунуштарды мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органыны кароосуна киргизүүгө;
-зарылдыгына жараша аксакалдар сотторунун системасын өнүктүрүүнүн бардык маселелрин талкулоого, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жетекчилеринен Кеңештин компетнциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды сурап алууга;
-Кеңештин максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга тиешелүү башка маселелерди кароого жана чечүүгө;
-аксакалдар сотторуна жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрунө моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына сунуштарды киргизүүгө.
5-бөлүм. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
10.Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
-Кеңештин кароосуна киргизүүчү бардык маселелрди талкуулоого катышууга, өз пикирин ачык билдирүүгө;
-Кеңештин компетенциясына кирген ар кандай маселелрди Кеңештин кароосуна киргизүугө;
-талкууланып жаткан маселелер боюнча кеңештин мүчөлөрунөн маалымат алууга.
11.Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
-Кеңештин жыйналыштарына жана иш-чараларына катышууга;
-Кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында кабыл алынган чечимдерин аткарууга;
-Кеңештин тапшырмаларын ак ниеттүүлүк менен аткарууга;
-этика купуялуулук ченемдерин сактоого.
12.Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу:
-жеке арызы боюнча;
-жыйындарды үч жолудан ашык өткөрүп жиберген учурда Кеңештин чечими боюнча;
-аксакалдар сотунун мүчөсү катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу;
-соттун ыйыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
-аксакалдар сотунун, аксакалдар Кеңешинин чакырып алуусу
-Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткендигине байланыштуу;
-сот тарабынан Кеңештин мүчөсү аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таанылганда, ошондой эле ал өлдү деп жаряланганда;
-Кеңештин мүчөсү каза болгондо.
6-бөлүм. Кеңештин курамы жана аны түзүүнүн тартиби, Кеңештин мүчөлөрунүн ыйгарым укуктарын токтотуу, токтото туруу
13.Аксакалдар сотторунун кеңеши айылдык аймактарда, шаарларда жана райондордо үч же андан көп аксакалдар соту болгондо 3 мүчөдөн кем эмес санда 4 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
14. кеңешти/кеңештерди түзүү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери (айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана шаарларынын мэрлери) жана жергиликтүү мамлекттик администрациянын башчысы тарабынан кабыл алынат, мында ушул жобонун 15-пунктунун талаптарына ылайык тиешелүү кеңештин сандык курамы аныкталат жана айыл, МАБ, айыл аймактары, муниципалдык административдик райондор ж.б боюнча квота белгиленет.
15. кеңештер аксакалдар сотторунун/кеңештеринин өкүлчүлүк принцибин сактоо менен түзүлөт.
-айылдык аймактын, райондук жана облустук маанидеги шаарлардын тиешелүү административдик- аймактык бирдиктин аксакалдар сотторунун бирден кем эмес өкүлүнүн ичинен;
-райондун аймагында жайгашкан ар бир айылдык аймактан жана райондук маанидеги шаардан Кенештин бирден кем эмес өкүлүнөн, кеңеш түзүлбөгөн айылдык аймактан- айылдык аймакта болгон бардык аксакалдар сотторунан бир өкүл;
-Кеңештин курамына өкүлдөр аксакалдар сотторунун, кеңештеринин жыйналыгшында шайланат.
Тиешелүү аймактын ардагерлер кенеши кеңештин курамына ошол жерде жашаган же иштеген, соттуулугу жок, ишкердик жана моралдык сапаттары боюнча тиешелүү аймактын калкынын арасында кадыр-баркка жана абройго ээ, иш билген жана адеп -ахлахтын сапаттары болсо, кеңештин милдеттерин аткарууга жөндөмдүү бир өкүлдү көрсөтүүгө укуктуу.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Кеңештин курамына бирден өкүл дайындоого укуктуу.
Кеңештин курамы аймактык таандыктыгына ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими, жергилктүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жарыяланат, анда Кеңештин биринчи жыйналышын чакыруу датасы каралат. Ал кеңештин курамы жөнүндө чечим жарыялангандан кийин беш жумушчу кундөн кечиктирилбестен чакырылат.
7-бөлүм. Кеңештин ишин уюштуруу
16.Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп жыйналыш эсептелет.
17.Кеңештин биринчи жыйналышына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлү төрагалык кылат. Төагалык кылуучу кеңештин мүчөлөрүнүн атынан чыгат.
Жыйналышта анын мучөлөрунун ачык добуш берүүсү менен кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланат.
Кеңештин жыйналышынын чечими менен добуштарды эсептөө Кеңештин жыйналышынын катчысы же курамы үч мүчөдөн турган эсептөө комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кеңештин жыйналышы, эгерде ага кеңешти түзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияннын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен Кеңештин белгиленген курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу болуп саналат.
18. Төраганын кызмат ордуна талапкерлер Кенештин мүчөлөрү тарабынан көрсөтүлөт. Кеңештин төрагалыгына талапкер сөзсүз түрдө аксакалдар сотунун мүчөсү болууга жана жогорку билимге ээ болууга тийиш.
Добуш берүүгө катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн добуштарынын жарымынан көбүн алган талапкер Кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде талапкерлердин бири да биринчи турда шайлоо үчүн талап кылынган добуштардын санын ала албаса, добуштардын эң көп санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Эгерде экинчи турда талапкер кеңештин мүчөлөрунүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушун ала албаса, жаны талапкерлерди көрсөтүү менен жаны шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде биринчи турда талапкерлер добуштарын бирдей санын алган учурда, жаны талапкерлерди добуш берүү тизме боюнча жүзөгө ашырылат жана башка талапкерлерге салыштырмалуу кенештин мүчөлөрүнүн көбүрөөк добушун алган талапкер төрага болуп шайланды деп эсептелет.
Кеңештин орун басарынын кызмат ордуна талапкер Кеңештин мүчөлөрү тарабынан көрсөтүлөт жана ушул пунктта белгиленген Кеңештин төрагасын шайлоо үчүн каралган тартипте шайланат.
кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо Кеңештин кийинки жыйналышына жылдырылышы мүнкүн эмес.
19.Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо Кеңешитин чечими менен жол-жоболштурулат жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен жарыяланат.
20. Кеңештин төрагасынын, төраганын орун басарынын/орун басарларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда бош орунду калган мөөнөткө ээлөө ушул Жөбөнүн 17-19-пунктарына ылайык аларды шайлоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
21. Биринчи жыйналышты, кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоону уюштуруучулук жактан камсыз кылуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.
22.кеңештин төрагасы кенештин ишин жетектейт жана анын жыйналыштарына төрагалык кылат.
Төраганын орун басары төрага жокто анын ордун алмаштырат.
Кенештин катчысы мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруу органынын кызматкерлеринин ичинен дайындалат, ал документ жүгүртүү, протоколдорду жүргүзүү, отчетторду даярдоо үчүн жооп берет.
кеңештин жумушчу органы/жооптуу аткаруучусу болуп:
-райондук денгээлде аксакалдар кенешинин/сотторунун иши үчүн жооптуу анын жетекчиси тарабынан аныкталуучу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын тузүмдүк бөлүмү же кызмат адамы;
-шаардын жана айылдык аймактын денгээлинде жергиликтүү өз алдынча башкарунуну аткаруучу органынны тузүмдүк бөлүмү же кызмат адамы аксакалдар кенешинин/сотторунун ишине жооптуу анын жетекчиси тарабынан аныкталат.
23. Кеңештин жыйындары кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
кезексиз жыйналыштар кенештин төрагасынын же мүчөлөрунүн үчтөн биринин демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн.
кенештин отурумдары бетме-бет жана дистанциялык формада 9видеоконференция платформалары аркылуу онлайн) өткөрүлү мүмкүн.
Кеңештин жыйналыштарына маселелрди даярдоо кенештин мүчөлөрү тарабынан кенештин жумушчу органы/жооптуу аткаруучу менен бирдикте жүзөгө ашырылат. Кеңештин жыйналышынын күн тартиби төрага тарабынан тузүлөт жана кенештин мүчөлөрү тарабынан бекитилет.
Чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, добуштар тен болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
24. Кеңештин бардык чечимдери протоколдорго жазылат, аларга төрагалык кылуучу жана катчы кол коюшат. Документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык беш жыл сакталат.
25. Кенештин чечимдери сунуштама мүнөзүндө болот жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын/жергилктүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү чечимдери аркылуу ишке ашырылыш мүмкүн.
8-бөлүм. Корутунду жоболор
26. Кенешти анын ишине байланыштуу уюштуруучлук, материалдык техникалык жана башка жактан камсыз кылуу төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт.
-шаардын жана айылдык аймактын кеңеши -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы.
27. Кеңештин ишин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 115-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине жана “Кыргыз республикасынын Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарына ылайык жергиликтүү бюджеттен каржыланат.