Жаңылыктар

Алмаз уулу Бекзатты тосуп алуу аземи
Алмаз уулу Бекзатты тосуп алуу аземи
Датасы
Кароолор

54

Бүгүн Аманбаев айыл өкмөтүндө Алмаз уулу Бекзатты тосуп алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
      Хорватиянын Загреб шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта эркин күрөш боюнча күмүш медалдын ээси Алмаз уулу Бекзатты туулуп өскөн кичи мекени Аманбаев айылында  тосуп алуу аземи болуп өттү. 
Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кенештин депутаты Мураталиев Марат Молдонович, айылдык кенештин төрайымы Байышова Суюмкан, Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Умарбеков, аксакалдар сотунун төрагасы Нурманбектов Анаркул, Бекзаттын ата-энеси жана  айыл тургундары, жоро жолдоштору болуп тосуп алышты. 
Аманбаев айыл өкмөтү жана кенештин атынан Алмаз уулу Бекзатка 100 000 сом акчалай сыйлык ыйгарып Аманбаев эли Алмаз уулу Бекзат менен сыймыктанаарын  келечекте алтын алып келээрине тилектештигин айтып өтүштү.  
Жогорку кенештин депутаты Марат Молдонович келечекте жакшылык каалап,  элдин атынан ат мингизип туугандарына  сыйлыктарын сыйлады.