Жаңылыктар

Аманбаев айыл аймагында өткөн жаңы жылдык балаты
Аманбаев айыл аймагында өткөн жаңы жылдык балаты
Датасы
Кароолор

32

24-декабрь Аманбаев айыл өкмөтү, айылдык кеңеши тарабынан аз-камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык балаты  уюштурулду.  Бул жаңы-жылдык балатыга Аманбаев айыл аймагынын кеңешинин төрайымы С.Байышева, депутат айымдары ошондой эле айыл өкмөттүн маданият кызматкерлери, социалдык бөлүмдун кызматкерлери катышып, балдарга жакшы каалоо тилектерин билдирип, эсте калаарлык маанай тартуулай алышты. Куурчак театрынын концерттик программасынын коштоосунда ыр, бий, оюн- зооктор уюштурулду. Жалпы айыл аймак боюнча 180 бала катышып, белек-бечкектер тартууланды. Жаңы-жылдык балатыны өткөрүүгө чоң колдоо көрсөткөн  Суулу-Маймак айылынын Э.Эсенаманов орто мектебинин мүдүрү Н.Урустембековна эжеге терең ыраазычылык билдиребиз.