Жаңылыктар
07.04.2025, 09:55
39
Аманбаев айыл аймагында Д.Анарбеков атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Бүгүн, 2025-жылдын 7-апрелинде Аманбаев айыл аймагында Д.Анарбеков атындагы балдар бакчасы пайдаланууга берилди.
Бала бакчанын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев, КР УКМК Чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү айыл тургундары катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин 2023 - жылдын 28-ноябрында Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы административдик имаратынын ачылыш аземинде, аталган
айылда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин эске алуу менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин демилгеси менен 100 орундуу бала бакча куруу демилгеленип, жаны балдар бакчасы курулуп бүтүп ишке берилүүдө.
Балдар бакчага Баткен районунун "Достук" чек ара заставасынын аскер кызматкери, 2022-жылы КР чек арасындагы куралдуу кагылышууда баатырдык менен курман болгон лейтенант Дастан Анарбековдун ысымы ыйгарылып берилди.

