Жаңылыктар

Энелер күнү
Энелер күнү
Датасы
Кароолор

51

Май айынын 3-жекшембисинде белгиленүүчү “Энелер күнүнө” карата Аманбаев айыл өкмөтү тарабынан “Жети Казына” тойканасына чай концерт уюштурулду. Салтанаттын ачылышын өкмөт башчы Умарбеков Бакыт Анарбайевич ачып апаларды куттуктап, каалоолорун айтып иш-чараны ачып берди.  Иш-чарага айыл аймактын 70 жаштан ашкан апалары катышып, сый тамак берилди. Аталган иш-чарага Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун-басары Сейдикеримова Мира Эсиркеповна катышып апаларга жылуу каалоо тилектерин айтып куттуктап өттү. Айтматов райондук администрация башчысы-акимдин орун басары Мамбетова Салтанат Абакировна катышып апаларды энелер күнү менен куттуктап айыл өкмөттүн кызматкерлерине ыраазычылык билдирип өттү. Апаларга шайыр апалар тобунан жагымдуу маанай тартууланып, концерттик прогамма көрсөтүлдү.