Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө 34 жыл
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө 34 жыл
Датасы
Кароолор

87

Аманбаев айыл өкмөтүндө 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы белгиленди. “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктиктин унгу жолу” да кыргыз элинин бүгүнкү күнгө чейин басып өткөн жолу эскерилип, айыл  аксакалдарына чакан майрамдык концерт уюштурулду. Иш-чарада тарыхыбызды баяндаган видеоролик коюлуп көрсөтүлдү. Айыл аймактын шайыр апалары иш-чараны шанга бөлөп, салтанаттын катышуучуларына майрамдык маанай тартуулашты. Тарыхыбыз, эгемендүүлүккө жетүүдө салым кошкон ата-бабаларыбыз эскерилип, өттү. Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун. Кыргыздын тарыхы дагы адыда миндеген жылдарга жазылсын. Аманбаев айылындагы “Кумаш ата” китепканасында окуучу  балдар кыздардын катышуусунда китепкана жетекчилери иш чара өткөрдү. Чыгаан баатыр, даанышман уул кыздарыбыз өсүп жетилсин деген асыл ойлор менен жыйынтыктайбыз.