Жаңылыктар
Кызыл сызыктан чыккан турак жайларды ирээтке келтирүү
23.07.2025, 15:43
48
Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай, Ак-Башат айылдарында кызыл сызыктан чыккан турак жайларды ирээтке келтирүү иштери жүрүп жатат. Айтматов райондук мекеме уюмдардын, айыл өкмөттүн адистери менен түзүлгөн комиссия, айылдардагы асфальт жолдорду ирээтке келтиришүүдө. Кызыл чийинден чыгып кеткен тургундарга кыска мөөнөттүн ичинде жол жээгине чыгып кеткен курулмаларды, тосмолорду алуусу эскертилди. Бул багытта атайын түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада мыйзамсыз курулган тосмолор ж.б курулуштар буздурулаары эскертилип кетти. Бул иш ар бир айылда уланып, айыл ичиндеги чон жолдору кеңейтилмекчи.














