Жаңылыктар

Маймак айылынын эли менен жолугушуу
Маймак айылынын эли менен жолугушуу
Датасы
Кароолор

46

Кызыл сызыктын чегинен чыккан курулуштар боюнча  айыл өкмөт башчысы комиссия курамы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жер кодексине, 

шаар курулуш жана архитектура жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында эл менен жолугушту. Айыл тургундары менен жолугуп жеринде ар бир кожолукту көрүп чыгып, элди мыйзам талаптарын сактоого чакырды. айылга учурда таза суу кирип жаткандыгын эске алып, аны менен катар асфальт төшөлүп жатканыдыгына байланыштуу айыл тургундарына чегерилген чийинден ашкан тургундардын заборлорун жана башка курулуштарын жылдыруу зарылдыгын баса белгилеп кетти. Айыл аймактын чон жолдорун ирээтке келтирүү иштери улантылууда.