Жаңылыктар
12.06.2025, 15:44
141
Айтматов районунун Аманбаев айыл өкмөтү 2023-жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча “Мыкты айыл өкмөтү” аталып, “Мыкты тажрыйбалар жана улуттук дем” атту республикалык семинар-кеңешмесин өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич, Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов жогорку кеңештин депутаттары Марат Мураталиев, Дастан Жумабековдор, Кыргыз Республиксынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич ошондой эле Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын Талас облусунун кызматкерлери катышышты.
Келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтып, мындар аркы иштерди да натыйжалуу алып барууну каалап, өнүгүү жолунда чоң салымдарды кошууга тилектеш болуп жатышты.
Семинардын жүрүшүндө “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жөнүндө презентация көрсөтүлдү. Аманбаев айыл өкмөтүнүн жазаган иштери туурасында презентация көрсөтүлүп, айыл өкмөт кызматкерлерин сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Семинарга өлкөбүздүн ар региондорунан өкмөт башчылар, аким, зам акимдер келип тажрыйба алмашуу негизинде айыл аймактагы инфра түзүмдөрү менен таанышышты. Айыл аймакта 2023-жыл жеке демөөчүлөрдүн колдоосунун негизинде айыл өкмөтүнүн имараты курулуп бүтүп ишке берилген. 2025-жылы 100 орундуу балдар бакчасы курулуп, ишке берилсе, андан тышкары айылдык китепкана 2022-жылы курулуп ишке берилип, элге кызмат көрсөтүүдө. Айыл өкмөтүнүн кеңсесинде калкты тейлөө борбору ачылып, айыл аймак тургундарына кызмат көрсөтүп келет.
Күндүн экинчи жарымында Кара-сай айылынын “Ак-Тайлак” комплексине иш-чара өткөрүлдү. Алгач “Бакай-Ата” айкелинин ачылыш аземи өттү. Демөөрчү, арууман Дубашев Рустам Бакытбековичтин колдоосу менен “Бакай-Ата” айкели тургузулган.
Жергиликтүү тургундардын кол өнөрчүлөрдүн жарменке көргөзмөсү уюштурулган. “Бешике салуу” салты, Манас айтуу, сахналаштырылган көрүнүш, концерттик программа көрсөтүлүп ардактуу атуул наамдар менен сыйлоо аземи өткөрүлдү. Улуттук азык түлүктөрдүн көргөзмөсү да уюштурулган.






























