Жаңылыктар

Славакия Банска-Бистрица шаарында таяк тартыш боюнча Европа ачык чемпиондугу
Славакия Банска-Бистрица шаарында таяк тартыш боюнча Европа ачык чемпиондугу
Датасы
Кароолор

25

Славакия Банска-Бистрица шаарында таяк тартыш боюнча Европа ачык чемпиондугу өтүп, жыйынтыкталды.  Дене тарбия жана спорт агенттигинин билдирүүсү коомчулукка жарыяланып, белгилүү болду.

Аталган Европа ачык чемпиондугуна таяк-тартыш  боюнча Аманбаев айылынын кулуну Роман уулу Бакыт 85кг саламакта катышып 1-орунду алып келди. Аманбаев айыл аймагынын айыл өкмөтүнун орун басары Т.Тургумбаев, Аманбаев айыл аймагынын спорт сүйүүчүлөрү, Роман уулу Бакыттын жакын туугандары, ата-энеси катышып куттуктап тосуп алышты. Аманбаев айыл өкмөтүнөн 30 000 сом  сыйлык сертификат берилди. Айыл өкмөттүн орун басары куттуктоо сөзундө айылда чыгып жаткан жаш спортчуларды айыл өкмөтү ар дайым колдоо көрсөтүп алаарын билдирип өттү. Спортчуларыбыз жеңиш менен кайтып келип элибизди кубандырып турган кез. Кийинки жаш жеткинчектерге дем берип, шыктандырып, дем берип  турган учур. Элибиздин туусун желбиретип, алыска тааныткан инсандарыбыз көп болсун. Айыл аймагыгыбыздан чыккан ар бир спортчуга ийгиликтерди каалайбыз.