Жаңылыктар
20.10.2025, 13:05
102
Аманбаев айыл аймагынан төмөндөгү айыл чаба багытындагы жерлерди аукцион аркылуу торукка чыгарат.
ЖАРЫЯ
Буйрукка
1-тиркеме
Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл өкмөтү айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу торукка чыгарат.
№ 95- чөйрө сызыктагы сугат жерлер: 1- лот 1,5 га (4500 сом баштапкы баа), 2- лот 2,0 га (6000 сом б. баа), 3-лот (2,0 га б. баа), 4-лот 2,0 га (6000 сом б. баа), 5- лот 3,0 га (9000 сом б. баа), 6-лот 1,0 га (3000 сом б. баа), 7-лот 3,5 га (10500 сом б. баа), 8-лот 3,5 га (10500 сом б. баа), 9-лот 1,5 га (4500 сом б. баа), 10-лот 2,0 га (6000 сом б. баа).
№ 80 – чөйрө сызыктагы кайрак жерлер: 11-лот 3,0 га (2400 сом б. баа), 12-лот 3,0 га (2400 сом б. баа), 13-лот 3,0 га (2400 сом б. баа ), 14-лот 2,8 га (2240 сом б.баа).
- Аукциондун арымы:
- 1-лот үчүн 700 сом, 2-лот үчүн 1000 сом, 3-лот үчүн 1000 сом, 4-лот үчүн 1000 сом, 5-лот үчүн 1500 сом, 6-лот үчүн 500 сом, 7-лот үчүн 1700 сом, 8-лот үчүн 1700 сом, 9-лот үчүн 700 сом, 10 -лот үчүн 1000 сом, 11-14 лоттор үчүн 500 сом.
- Баардык лоттор үчүн кепилдик төлөм 1000 сом жана ижара мөөнөтү 5- жыл.
- Ижара акыны төлөө мөөнөтү салыктык жылдын 25-апрелине чейин 20% , 25 - августка чейин 20 %, 1-ноябрга чейин 60 %.
- Тоорука катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- – аукционго катышууга арыз;
- - инсандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;
- - кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү.
- - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жер салыгын (ижара) төлөө тууралуу кепилдик кат же милдеттенме.
- Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди .
- Кепилдик төлөмдү төлөө дареги: борбордук казына э/сч 4406012200000368, төлөмдүн коду (код платежа) 14511900 (аукционго катышуу үчүн деп көргөзүлөт)
Аукцион 2025-жылдын 18-ноябрында саат 11:30 да Аманбаев айыл өкмөтүнүн кеӊсесинин 2-этажында (конференц зал) өтөт. Документтер 2025-жылдын 13-ноябры саат 17:30 чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн тел. 0705 19 353 (0507949772). Тиешелүү документтерди өз мөөнөтүндө тапшырбаган жарандар аукционго киргизилбейт.