Жаңылыктар

Жогорку Кенештин депутаттары менен айыл тургундарынны жолугушуусу
Жогорку Кенештин депутаттары менен айыл тургундарынны жолугушуусу
Датасы
Кароолор

288

Кыргыз Республикасынын "Жогорку Кеңешинин" депутаттары Мураталиев Марат Молдонович, Жумабеков Дастан Артисбекович Талас облусуна болгон эл менен жолугушуу иш сапарында Аманбаев, Маймак айылдарына келип эл менен жолугушту. Элдин  көйгөйүн угуп айыл аймактагы мындан ары жазала турган иштер менен таанышып чыгышты. Ошондой эле эки депутат биргеликте аткарылышын өздөрү колго алып, иш алып баруусу пландаштырылууда. Атап айтсак Маймак айылындагы темир жол бекетинин толук иштешине күч салышуу. Тагыраагы Бишкек, Москва жүргүнчү каттамын ишке киргизүү.  "Колония" нын жер аянтын айдоого тургундарга берүү. Дан Азык, Концерва Завотунун ордуна ишкана ачуу, инвестиция тартуу иштеринин үстүндө иш алып баруу. Иш орундарын түзүүнү көздөп, чек арага чеп болуп отурган Маймак элине көңүлдү өзгөчө буруу бүгүнкү күндө өтө зарыл экендиги айтылып, ишке ашырууга бар аракеттер көрүлүүсү шарт экендиги баса белгиленип кетти. Алдыда бул жаатта иштер жүргүзүлөөрү анык болуп турган учур. 
Ага катар  Аманбаев айылына газ трубасынын толук айыл ичиндеги көчөлөргө киргизүү. Спорт комплекс куруу иштери колго алынмакчы. 
Бакайыр айылына БДР куруу. Ак-Башат айылындагы "Мадумаров "орто мектебине кошумча жаңы 225 орундуу  мектеп курулуусу керек экендиги айтылды. 
      Ошондой эле Айтматов райондук администрация башчысы-Аким Сагымбаев Бектур Абдразакович да эл менен жолугушууда өзүнүн баардык күчүн жумшап иш алып барып жаткандыгын бирок айрым учурда ишке ашырууда убакыт талап кылынаарын айтып кетти. Инвесторлорду тартып Маймак айылына логистикалык борбор ачуу жаатында иштер жүрөөрүнө токтолуп өттү.
      Аманбаев айыл өкмөт башчысы Умарбеков Бакыт Анарбайевич Маймак айылынын элин аукционго катышып жер алып иштетүүгө чакырды.
     Аманбаев, Маймак жолун салуу иштери башталып калгандыгын жана таза суу Шекер, Маймак айылдарына жаз айларында киргизүү башталарын билдирип өттү.