Жаңылыктар
Жыл жыйынтыктоочу жыйын
24.12.2024, 09:31
90
Бүгүн 24-декабрда Аманбаев айыл өкмөтүнүн жыл жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.
Жыйында өкмөт башчы 2024-жылкы көрсөткүчтөрү жакшы экенине токтолуп, салыктар боюнча аренда акысын төлөбөгөндөрдүн жери алынаарын билдирди. Камсыздандыруу боюнча коюлган план толук аткарылганына токтолду.
Ошондой эле 2025-жылда айыл өкмөт кызматкерлерине кийинки жылы талап катуу болоорун эскертип өттү.
Айыл өкмөт кызматкерлерин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап өттү.
Жаны жылдын алдында белгилүү болгондой "Мыкты айыл өкмөт" наамын алышыбыз менен куттуктап, мындан кийин да татыктуу иш алып барууга чакырды.


